Чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат

Кыргыз-Казак чек арасында тыгын жаралып, транспорт каражаттары өткөрүлбөй жатканы кабарланган. УКМКнын Чек ара кызматынан өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдиришти.

Бүгүн, 11-апрель саат 17:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда унаалардын тыгыны байкалууда. Чек арадан өтүү үчүн кезекте 215ке жакын жүк ташуучу унаа турат. Ал эми "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 5тен ашык унаа, "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 20дай унаа чек арадан өтүү үчүн кезекте турат.

"Жогорудагы өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унаалардын топтолушу жүк ташуулардын көбөйүшүнө жана казак тараптан унаалардын жай өтүшүнө байланыштуу. Айдоочулар жана жүк ташуучулар тарабынан чек арачыларга дооматтары жок.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок. Бош жүк ташуучу унаалар, бош контейнерлери бар жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга "Кең-Булуң" өткөрүү пункту аркылуу чыга аларын эскертет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан