Милиция кызматкерлери жарандарга ысырапкерчиликке жол бербөө жана мал уурулугун алдын алуу боюнча кеңештерин беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-апрель күнү милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана балдар менен иштөө инспекторлору "Мал уурулук" рейдинин алкагында Чүй жана Арал айылдарынын тургундары менен жолугушту.
"Анда мал жандыктарга сак болуу жана коопсуздугун камсыздоо максатында малын түнкүсүн талаага кароосуз таштабоо, сарайлардын эшик, терезелерин торлоо, эшиктерине кулпу салуу боюнча бир катар кеңештер берилди. Мындан сырткары маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын, эскерүү кечелерин өткөрүүдө, үйлөнүү-үлпөт тойлорун жана башка салтанаттарды майрамдоодо ысырапкерчиликти болтурбоо керектиги эскертилип, бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү" - деп айтылат маалыматта.