Бронхиалдык астма менен ооруган бейтаптар дарыларды 90 пайыз жеңилдетилген баада ала алышат. Анткени алар мамлекет тарабынан каралган жеңилдиктерди пайдалануучу категорияларга кирет дешет Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан.
Борбордон белгилешкендей, үй-бүлөлүк дарыгерде каттоодо турган бейтаптар маалымдамага кирген дарыларды сальбутамолдун, беклометазондун ингаляторлорун, преднизолондун таблеткаларын 90 пайыз жеңилдиктер менен ала алышат.
Бейтап камсыздандырылган жаран болсо камсыздандыруу кошумча программасынын алкагында маалымдамага кирген дарыларды 50 пайыз жеңилдетилген баада дарыканалардан ала алышат.
Дарыларды жеңилдетилген баалар менен алуу үчүн эң негизги шарт - бейтаптар өздөрүнүн аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерге каттоого турушу зарыл жана үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан электрондук рецептер болушу керек.
Бронхиалдык астма менен ооругандарга акысыз базалык пакеттен тышкары кошумча лабораториялык изилдөөлөр;
* калыбына келтирүүчү жана физиотерапиялык жардамдар;
* күндүзгү бөлүмдөрдө процедуралар, манипуляциялар;
* амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрдө лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр акысыз жүргүзүлөт.
Суроолор жаралган учурда 113 ыкчам номерине чалып, маалымат алууга болот.