Коргоо министрлиги: "Социалдык фонддун демилгеси аскер кызматчыларын социалдык коргоого каршы келет"

Буга чейин Социалдык фонд пенсияга чыгып, ишин улантып жаткан аскер кызматкерлерине пенсияны бербей туруу сунушун айткан. Коргоо министрлиги бул маселе боюнча расмий билдирүү жасап, фонддун сунушу туура эмес экенин белгиледи.

Министрлик Социалдык фонддун учурда иштеп жана пенсия алып жаткан аскер кызматчыларына пенсия төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө демилгеси максатка ылайыксыз деп эсептей (эмгек кадырын кетирүү орун алган) турганын белгилейт.

* Биринчиден, аскер кызматкерлери иштебейт , кызмат өтөйт. (Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын 80 пайызы татаал климаттык жана бийик тоолуу шарттарда өздөрүн да, жакындарын да аябастан кызмат кылып, ошол эле учурда Кыргызстандын жарандарынын тынч эмгегин камсыздап келишет).
* Экинчиден, аскер кызматкерлеринин пенсияга чыгуу мөөнөтү аскер кызматчысынын каалоосу менен эмес, Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен аныкталган. Аскер кызматчыларынын кызматтык убактысы 10-12 саат, ал эми кээ бир учурда суткасына 24 саат убакытты дагы камтыйт. Мындан тышкары өздүк курамдын кээ бир бөлүктөрү дем алыш жана майрам күндөрүн дагы кызматта өткөрүшөт. Жөнөкөй математикалык эсептөө менен кыргыз аскерлеринин кызматтык убактысы аптасына 60-80 саат, ал эми Социалдык фонддун кызматкерлеринин жумуш убактысы күнүнө 8 саат, жумасына 40 саат, ошондой эле милдеттүү дем алыш күндөрү дагы эки күндү түзөрү белгилүү.
* Үчүнчүдөн, Социалдык фонддун кызматкерлери Орусия жана Казакстандын аскер кызматчыларынын пенсиясын эсептөө боюнча берген маалыматы объективдүү. Бир жактуу маалыматтарды таратуу менен республиканын калкын адаштырып жатышат. Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын аскерлеринин пенсиялары биздин Ата мекенди коргоочулардыкына караганда кыйла жогору.
Кырдаалды жер-жерлерде көрүү үчүн биз Социалдык фонддун кызматкерлерине Баткен, Маргун, Нарында же Караколдо жана республиканын башка райондорунда жайгашкан аскер бөлүктөрүбүзгө барып, алардын жашоо жана кызмат шарттары менен түздөн-түз таанышып, аларды социалдык фонддун кызматкерлеринин өздөрүнүн иштөө шарттары менен салыштырууну сунуштайбыз.
Биздин аскер кызматчыларыбыздын жана аскер пенсионерлерибиздин оор кызматы жана эмгеги үчүн ыраазычылык сөздөрүн билдирүүнүн ордуна Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары ыңгайлуу болуп жана цивилизациянын бардык жыргалчылыктарынан (биздин аскер жана алардын гарнизондордо кызмат өтөп жаткан үй-бүлөлөрү кыялдана албай турган) пайдаланып, жогорку трибунадан алардын пенсияларын жокко чыгарууну жана ошону менен Кыргызстандын аскер кызматчыларынын социалдык-экономикалык абалын начарлатууну талап кылууда. Социалдык фонд болуп саналган мамлекеттик түзүмдүн мындай мамилесин мамлекеттик деп атоого болобу? (суроо риторикалык гана).
* Төртүнчүдөн, бул эң негизгиси. Кыргызстандын бардык жетекчилиги, өкмөт жана биринчи кезекте президент - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы аскер кызматчыларын бардык зарыл болгон, анын ичинде алардын оор эмгегине татыктуу акчалай эквивалент менен камсыз кылуу менен улуттук Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу боюнча күч-аракеттерди жасайт. Ошол эле учурда Социалдык фонддун жетекчилиги өзүнүн жасап жаткан иштери жана Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылууга мамлекеттик эмес мамилеси менен бул аракеттердин баардыгын жокко чыгарып жатат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Коргоо министрлиги Социалдык фонддун демилгесин туура эмес деп эсептейт. Ал аскердик коопсуздукту камсыз кылууга олуттуу зыян келтирет жана өлкөнүн аскердик тармактагы мамлекеттик саясатына жана аскер кызматчыларын социалдык коргоосуна каршы келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан