Украинага гуманитардык жардамдын биринчи партиясы жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун негиздөөчүсү Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анда ал Украинага жардам катары жууркан-төшөктөр, жылуу одеяло, уктоочу мүшөк, балдардын жалаяктары, Кыргызстандын балы, консервалар, таттуулар жөнөтүлгөнүн жазды. Ошондой эле ал жардамга колун сунган ар бир кыргызстандыкка ыраазычылыгын билдирди.
Буга чейин Украинага гуманитардык жардам чогултуу иштери уюштурулуп жаткандыгы
маалымдалган.