Алтын-Ордо жаңы конушундагы көпүрө колдонууга берилди. Аны шаар башчысы Иса Өмүркулов ачып берди.
Бишкек шаарынын мэри конуш тургундарын бүгүнкү майрамы менен куттуктап:“Бул көпүрө ак жолтой көпүрө болсун! Дайыма бул жакка жакшылыктарга гана келип туралы. Көпүрөнүн ачылышы менен сиздер шаардыкпыз десеңиздер болот”,- деди.