Кыргыз өлкөсүндө Евразиялык технопарк түзүлөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын алдындагы илимий-техникалык кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, технопарк ишинин бардык баскычтарында – идеядан баштап рынокко продукция чыгарууга чейин колдоо көрсөтөт.
Уюштуруучулар Орусиянын, Армениянын, Казакстандын, Беларустун жана Кыргыз өлкөсүнүн учурда ишмердүүлгүн жүргүзүп жаткан компаниялары болот.
Долбоордун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимпоздорунун жана ойлоп табуучулардын инновацияларын, илимий-техникалык жетишкендиктерин агроөнөр жай, рекреациялык жана спорттук, отун-энергетика секторуна жана спутниктик технологияларга илгерилетүү, жайылтуу пландаштырылууда.
Евразиялык технопарк Кыргызстан эл аралык университетинин академиялык консорциумунун базасында түзүлөт.