Ысык-Көлдө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-март күнү саат 13:36да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.