Бүгүн, 12-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 12 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынан билдиришти.
Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 468 метр куб, агып чыгышы 133 метр кубду түзүүдө.
Былтыр бул күнү суу сактагычта 8 миллиард 569 метр куб суу болгон.