Прокуратура: "Сокулукта мыйзамсыз берилген 48,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды"

Сокулукта мыйзамсыз берилген 48,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Жер кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча органдары” жөнүндө мыйзамынын аткарылышы боюнча Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 2003-жылдагы чечими менен Т.Ж. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 48,5 гектар жайыт жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

Прокурордук актынын негизинде, Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен жогоруда аталган 2 миллион 425 миң сомго бааланган 48,5 гектар жайыт жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан