Бишкек шаарындагы бардык билим берүү мекемелерин "Экспресс-строй КГ" ЖЧКсы курат деген маалымат жалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, билим берүү мекемелерин куруу иштери мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдардын чегинде гана жүргүзүлөт.
“Бишкек шаарындагы бардык билим берүү мекемелерин "Экспресс-строй КГ" ЖЧКсы курат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Буга чейин аталган компания шаар аймагында билим берүү мекемелерин куруп берүүнү сунуштап, кепилдиктерин берген. Бирок мэрия бул ишкана менен келишим түзгөн эмес”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги билим берүү жайларын тендери жок эле коомчулукка белгисиз компания курганы жатканын айтып чыккан.