Электр энергиясы тармагындагы коррупцияга байланыштуу 49 миллион сом мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Сирожидин Камолидинов билдирди.
Анын айтымында бир кылмыш иши сотко өткөрүлгөн.
"Энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу 17 адам камакка алынган. Чыгыш электрдан – 6 адам камакка алынган. Бул иш боюнча 19 миллион сом мамлекетке кайтарылган. Түндүк электр – 3 адам камакка алынып, 14 миллион сом мамлекетке кайтарган. Жалал-Абад электр – 1 адам камакка алынган. Ош электр - 7 кызмат адамы кармалган. Алар мамлекетке 16 миллион сом кайтарган.
Жалпы 49 миллион сом мамлекетке кайтарылды", - деди басма сөз катчы.
Эскерте кетсек, 2021-жылы 28-ноябрда Садыр Жапаров Башкы прокурор Курманкул Зулушевге энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу тапшырмасын берген.