Бишкекте 36 жаштагы Болат Садвакасовду издөөгө милиция кызматкерлери жардам сурайт. Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал 10 күндөн бери дайынсыз болууда.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде шаар тургуну милицияга кайрылып, ошол эле күнү саат 16:00 чамасында баласы Болат Садвакасов үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
Изделип жаткан жарандын белгилери: бою 180-185 сантиметр, көздөрү күрөң, мурду кырдач, чачтары кырылган.
Кийип жүргөн кийимдери: боз күрмө, көк майка, кара шым ("BRAND" жазуусу бар).
Өзгөчө белгилери: казак, орус тилдеринде сүйлөйт, мойнунда тумары бар, үйдүн ачкычын кошо тагып жүрөт.
Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (553) 102-465, 0 (703) 401-600, 0 (705) 460-553 же 102.