Депутаттар жеңилдетилген насыяларды берүүдөгү көйгөйлөр тууралуу маалымат угууну сунушташты. Бул тууралуу алар бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдиришти.
Депутат Шайлообек Атазов: "Бүгүнкү күндө мамлекетибизде айыл чарба тармагына акчалар бөлүнүп жатат. Мага нааразы болуп кайрылуу жолдогондор көп. Жеңилдетилген насыялар тууралуу, жазгы талаа иштери башталганда суу тартыштыгы башталат, ушулар боюнча маалымат угалы", - дейт.
Депутат Нурланбек Шакиев жеңилдетилген насыя алууда көйгөйлөр жаралып жатканын айтты.