Бишкек шаарындагы
балдардын №1-кургак учук ооруканасынын душ кабиналары менен ажатканалары толук
оңдоодон өттү. Бул тууралуу Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка
караганда, аталган оорукананын душ кабиналары менен ажатканасын оңдоого 14 725
доллар жумшалып, аны каржылоону "COUNTERPART INTERNATIONAL” Эл
аралык уюму моюнуна алган.
Ошондой эле бул уюм балдар ооруканасына жалпы суммасы 25 149
долларды түзгөн эмеректерди тапшырды.
Белгилей кетсек, балдардын
№1-кургак учук ооруканасы 40 бейтапка эсептелип, анда 1-15 жашка чейинки аз
камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана кароосуз калган балдар дарыланышат.