Тамекиге каршы мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн коомдук тамактануу жайларына 550 миң сомдон ашык айып салынды

Бишкекте коомдук жайлар тамекиге каршы мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте коомдук тамактануу жайларында, бильярд жана түнкү клубдарда түнкү рейддик текшерүү жүргүзүштү. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чаралар көрүлдү.

Бардык соода жайлардын (супермаркеттер, гипермаркеттер, дүкөндөр жана соода-базар комплекстери) жетекчилерине түздөн-түз жабык шкафтарда сакталган тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү жана сатып алууну стимулдаштыруучу маалыматтык жарнактарды жайгаштырууга тыюу салуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди.

Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн коомдук тамактануу ишканаларынын жетекчилерине 43 протокол түзүлүп, укук бузуулар боюнча жалпы 550 миң сомдон ашык айып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан