Май айында Өзбекстандын президенти Бишкекке иш сапар менен келет

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковду кабыл алды.

Президенттик администрациядан кабарлашкандай, Жапаров Өзбекстан Кыргызстандын абдан маанилүү тышкы саясий жана стратегиялык өнөктөшү экенин ырастады.
Мамлекет башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында күтүлүп жаткан жооп сапарын канааттануу менен белгилеп, жогорку деңгээлдеги кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү боордош өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өз ара кызматташтыктын бардык тармактарында өнүгүүнүн кезектеги сапаттык жаңы деңгээлине чыгарарына ишенимин билдирди.
Ошол эле учурда Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун ачылышын кубаттап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ишкерлеринин соода-инвестициялык байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшүүсүн каалады.
Өз кезегинде Сардор Умурзаков атайын тапшырма менен анын Кыргызстанга сапарын даярдоо максатында Бишкекке келгенин билдирди. Ал жакшы коңшулук, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында өзбек-кыргыз мамилелерин жана кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын жана кызыкдар экенин ырастады.
Ал ошондой эле фонд эки боордош мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтыгын арттыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан