Бүгүн, 15-апрелде Kaktus.media басылмасы “Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдаровага окшош аял милициянын кайгуул кызматынын өкүлүн сөктү” аттуу материал жарыялады.
Анда 20 мүнөткө чукул видеодон милициянын кайгуул кызматынын өкүлү менен унаадан чыккан аялдардын түшүнүксүз кайым айтышуусун угууга болот.
Тасмада айдоочу “милиция кызматкери балдарымды коркутууда” деп сөгүнсө, милиция кызматкери “айдоочу аял төшүмдөгү камераны жулуп алып сөктү” деп айыптаган.
Бирок видеодо кол көтөрүү дагы, жулмалашуу дагы так түшкөн эмес, жаңжал эмнеден чыкканы түшүнүксүз.
Kaktus.media басылмасы видео менен кошо милиция кызматкеринин түшүнүк каты да бар экенин, анда айдоочу аял милиция кызматкерин тээп, төшүндөгү камераны жулуп алып сөккөнү тууралуу жазылганын кошумчалашкан.
Видеонун айрым жерлеринде адамдын беттери жабык болсо, айрым жерлеринде ачык, ачык жеринен депутат Айгүл Айдаровага окшош аялды көрүүгө болот.
Бул окуя боюнча эл өкүлүнө байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.
Айгүл Айдарова оппозициялык маанайдагы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен мандат алган. Ал диплом чырына байланыштуу мандатын тапшырган Орозайым Нарматованын ордуна депутат болгон. Парламентке чейин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү болуп иштеген.