Чүй облусунун Новопокровка айылындагы №3 түзөтүү мекемесинин аянтында "Жакшылыктын баары балдарга" аталышындагы акция өттү. Жаза аткаруу кызматынан белгилешкендей, иш-чара аталган мекеменин Ардагерлер кеңеши жана башка бөлүмдөрү тарабынан уюштурулду.
Маалым болгондой, буга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын имаратында пенитенциардык тутумдун кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүлүп, аларга олуттуу азык-түлүк пакеттери тапшырылган.
"Бул жолу алар Новопокровкадагы №3 түзөтүү мекемесинин аянтында атайын кооздолгон "Жакшылыктын баары балдарга!" деген ураандын алдында оюн-зоок өткөрүштү. Балдар үчүн түрдүү спорттук оюндар уюштурулуп, таттуулар жана жагымдуу белектер берилди. Балдар дагы бир катар ардагерлерди кубандырууну да унуткан жок", - дешет мекемеден.