Ош. Шаарда коомдук транспорттордо идеологиялык багыттагы баракчалар илинүүдө (фоторепортаж)

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги коомдук транспорттордо жаштарды идеологияга чакырган баракчаларды илип баштады. Аталган агенттиктин жетекчиси Шайлообек Атазовдун айтымында бүгүн, 120 маршруттук каттамга илинет, алар жаштар жана окуучулар көп чыкчу каттамдар болуп эсептелет. Иш-чара декабрь айына чейин улантылып, акырындык менен шаардагы бардык маршруттук каттамдарга илинип бүтөт. “Пайгамбарларыбыз бешиктен кабырга чейин илим ал деген экен, жаштарыбыз маршрутта баратып да илим алсын деп биз ушундай баракчаларды илүүдөбүз”- дейт бул тууралуу Атазов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан