Бүгүн, 18-апрелде абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылында жайгашкан түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан маалыматты тастыкташты.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которууну суранган.
23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген. Бирок 25-мартта Кыйноолордун алдын алуу борбору Алмазбек Атамбаевдин колдорунан жана буттарынан көк ала тактар табылганын айтты.