Кыргыз-Өзбек чек арасына жакын жерде Ооганстандан даярдалган баңгизат табылды (фото)

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына жакын жерден Ооганстанда даярдалган баңгизат табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

"Аксы районунун Турбаза тилкесинде кызмат өтөө учурунда чек арачылар Өзбекстандын аймагындагы чек арага жакын жерде жүргөн эки жаранды аныкташкан. Чек арачыларды көргөн жарандар Өзбекстандын аймагына качып кирип кетишкен. Чек ара тилкесин кароо учурунда чек арачылар кутучаны табышкан, анын ичинде полиэтилен баштыктарга оролгон эки таңгак болгон", - деп билдиришти УКМКдан.

Таңгактарды ачканда, аларда салмагы 1 килограммга жакын баңгизаты, ооган тектүү гашиш бар экени аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин баңгизат кошумча иликтөө жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан