Кыргызстанда 2013-жылы 10 ай ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6 миллиард
26 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрдагы маалымат жыйынында
Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы Бажылык ишти уюштуруу боюнча башкы
башкармалыктын башчысы Мирлан Аскар уулу билдирди.
Өткөн жылы 10 айдагы бул
көрсөткүч 5 миллиард 544,9 миллион долларды түзгөн.
"Импорттун көлөмү 4 миллиард 760 миллион АКШ доллары болду. Ал эми экспорттун көлөмү 1 миллиард 266 миллион долларга
жетти. 2012-жылга салыштырмалуу тышкы соодадагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 8,7
пайызга өстү",- деди ал.