«Керемет Банк» ААК КООМДУК турмушка активдүү катышууда

«Керемет Банк» ААКнын тышкы чөйрө менен гармонияда болуусун жана бүтүндөй коомдун кызыкчылыгы үчүн өнүгүүсүн биз ийгиликке жетүүдөгү стратегиялык артыкчылык жана маанилүү фактор деп ойлойбуз. Кайрымдуулук жана демөөрчүлүк банкка болгон ишенимди жоготпой кармап турууга багытталган банктык менеджменттин маанилүү багыты десек жаңылышпайбыз.

Демөөрчүлүк жана кайрымдуулук иштин алкагында 2022-жылдын март айындагы жамааттык чечимдин негизинде Токтогулов Токтосун Токтогуловичтин химиялык дарылануудан өтүүсү үчүн Банк жетекчилиги тарабынан 62 000 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.

Мындан сырткары февраль айында банк фронт аскеринин жесири – Афонина Нина Романовнага колдоо көрсөткөн. Атап айтканда, банк кызматкерлери анын үйүндө болушуп, 5 000 сом өлчөмүндөгү суммага зарыл болгон дары каражаттарын тапшырып келишкен.

«Керемет Банк» ААКнын кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иш-аракеттери социалдык жоопкерчилик принциптерине жана жакшылык кылуу өңдүү табигый ниетке негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан