Ички иштер министри Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши Сулейман Сойлу менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-апрель күнү Түркиянын борбору Анкара шаарында ички иштер министри Улан Ниязбеков эки күндүк иш сапары менен барып, түркиялык кесиптеши Сулайман Сойлу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков кыргыз милициясы менен түрк милициясынын кызматташтыгы жакшы уланып жатканын, түрк тараптын өтүнүчтөрдү өз убагында аткарып берип жатканына ыраазычылыгын билдирди.
Ал эми Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтердин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди.