Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы абакта аны кантип тосуп алганын айтып берди.
Ага журналисттер тарабынан Молдовановкадагы абактагылар аны кантип тосуп алганын сурады. "Жакшы тосуп алышты. Эл мени бардык жакта жакшы тосуп алат", - деп жооп берди Атамбаев.
18-апрелде абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылында жайгашкан түзөтүү колониясына которулган.
23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген. Бирок 25-мартта Кыйноолордун алдын алуу борбору Алмазбек Атамбаевдин колдорунан жана буттарынан көк ала тактар табылганын айтты.