"Тынч иштетесиңерби, туугандар?". Садыр Жапаров иш сапардан келгенден кийин маек бере турганын жазды

Президент Садыр Жапаров иш сапардан келгенден кийин маек бере турганын жазды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесиңерби, туугандар?" - деп жазды мамлекет башчы.

Ошону менен катар эле ал төмөндөгү сүрөттү жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан