Баткенде каналга боюн таштаган жарандын өлүмү. Маркум анализдерди тапшыргандан кийин ооруканадан өз алдынча чыгып кеткен

Буга чейин Баткендеги кургак учук борборунда жаткан бейтап мекемеден чыгып, каналга боюн таштап каза болгону кабарланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ал ооруканадан качып чыкканын билдирген.

SUPER.KG порталы Баткен шаарындагы облустук кургак учук борборунун жетекчиси Жеңишбек Шариповго байланышып, бейтап тууралуу маалымат алдык.

Жетекчинин айтымында, бейтап аталган борборго 4 ай мурда келип түшкөн.

"44 жаштагы бейтап борбордон качып кетти деген туура эмес. Ал эртең менен анализ тапшырып, физикалык көнүгүүлөрдү жасап, 08:30 чамасында өз алдынча чыгып кеткен. Муну короодогу камерадан көрүүгө болот. Бейтап бизге 20-январда келип, кургак учуктун ачык формасы менен жабыркап жатканы аныкталган. Дарылануудан кийин жылыш өтө жакшы болгон. Аны ооруканадан чыгарууга болмок.

Бейтап ичкиликке берилгендиктен күн мурда ичип алган. Мындан улам анын бир туугандарын, жакындарын чакырып дарылануу учурунда ичүүгө болбой турганын түшүндүргөнбүз", - дейт ал.

Ал эми бейтаптын каналга боюн таштаганы боюнча буларга токтолду.

"Бейтаптын үйү өзү дарыланып жаткан медициналык мекеме жайгашкан жерден өтө деле алыс эмес. Үйүнүн боюнда канал бар. Ал ошол каналга боюн таштап жатканын кошунасы көрүп калып, аялына айткан. Маркумдун жубайы да ооруканада дарыланып жаткан", - деди борбордун жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан