Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону аталды

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков 63 килограмм салмакта чемпион аталды.

Финалда Тынар Шаршенбеков казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кез келди.

Биринчи бөлүктө атаандаш пассивдүү күрөшкөнү үчүн партерге коюлуп, андан Тынар Шаршенбеков упай ала алган жок. Биринчи бөлүк 1:0 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктады.

Экинчи бөлүктө Тынар Шаршенбеков атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Муну менен тынар Шаршенбеков 63 килограмм салмакта Азия чемпиону аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан