"Борбор калаада айына 100 768,22 сомдук ижара акысы менен 123 гезит дүкөнү бар. Алсак, Биринчи Май районунда 60, Ленин районунда 19, Свердлов районунда 27, Октябрь районунда 17 гезит күркөсү бар.
Алардын максаты — гезит-журналдарды сатуу, бирок аларда ар түрдүү суусундуктар, тамеки буюмдары, таттуулар да талапка карама-каршы келет. Бул багытта муниципалдык менчикти башкаруу департаменти тарабынан да аталган объектилерди максаттуу пайдалануу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.