Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында иш сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында иш сапары менен жүрөт.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Бул жолугушууларда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу жана кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.

Расмий делегациянын курамына финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов кирген.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинети өз ишинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуз энергетика жана экологиялык балансты сактоо жаатындагы долбоорлорду, анын ичинде Глазго шаарында өткөн Климат боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө маани берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан