Бирде колтуктап, бирде жетелеп. Президент менен биринчи айымдын интернет колдонуучуларын суктандырган сүрөттөрү

19-апрелдеги жаңылыктардын бири президент Садыр Жапаровдун Азербайжан өлкөсүнө болгон иш сапары болду. Өлкө башчы менен барган делегациянын курамында биринчи айым Айгүл Жапарова дагы бар.

Президент жана анын жубайынын учактан түшүп жаткан Баку шаарындагы Гейдар Алиевди эскерүүдөгү сүрөттөрү интернет колдонуучулар арасында талкууга алынды. Көпчүлүк окурмандар өлкө башчы менен биринчи айымды үлгү болчу үй-бүлө экенин баса белгилешип, суктанууларын жашырышкан жок.

Айгүл Жапарова буга чейин биринчи айым катары Түркия мамлекетине барган. Тагыраагы, 2021-жылы июнь айында президент Садыр Жапаров жана ал жетектеген делегация Түркияда иш сапарында болгон. Анда эки тараптуу кызматтыштык боюнча бир катар документтерге кол коюлган.

Иш сапарга өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова дагы барып, Эмине Эрдоган менен жолугушкан. Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын биринчи айымдарынын чогуу түшкөн сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн буруп, Айгүл Жапарованын кийген кийимдерине баа беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан