Иликтөөчү журналист Болот Темиров ага карата дагы 3 кылмыш иши ачылганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Бишкек ШИИББи журналист кайсы беренелер боюнча шектелип жатканын кабарлады.
Башкармалыктын маалыматына караганда, ушул жылдын январь айынан бери Болот Темиров 283-берененин 1-бөлүгү (баңгизаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча шектелип, тергөө иштери улантылууда.
"Ар тараптуу жана объективдүү териштирүүнүн жүрүшүндө жогоруда тергелип жаткан иш боюнча Болот Темировдун дагы башка фактыларга катыштыгы бар экени белгилүү болду. Аныкталган фактылардын жыйынтыгы менен объективдүү юридикалык баа берүү максатында 379-берененин 1,2,3-бөлүктөрү (Документтерди жасалмалоо) жана 378-берененин 1-бөлүгүнүн (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) негизинде кылмыш иштери козголду.
Болот Темиров 1996-жылы 26-январда (16 жашка чыкканда) Орус жарандыгын алып, 2002-жылы 27-июнда, 2007-жылы 1-ноябрда, 2014-жылы 25-февралда орус паспортун жаңылап турган. Ал кыргыз паспортун алуу максатында паспорт бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп, 2008-жылы июль айында жасалма аскердик күбөлүк көрсөткөн. Коргоо министрлигинде анын аскердик күбөлүк тууралуу жана кызмат өтөгөнү боюнча эч кандай маалымат жок.
Аты аталган жаран жалпы жарандык паспорт алуу эрежелерин бузуу менен паспорт бөлүмүнө аты-жөнүн тастыктаган жалган күбөлүк көрсөткөн. Кийин ал паспортту колдонуу мөөнөтү аяктаган себептүү бир нече жолу кыргыз паспортун алмаштырууга үлгүргөн. Ал жасалма документ менен мамлекеттик чек арадан 50дөн ашык ирет өткөн. Мындан тышкары мамлекеттик кызматта иштегенин белгилейбиз. Аныкталган фактылар боюнча учурда ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дешет мекемеден.