Суу чечек деген кандай оору? Кооптуу эмеспи? Дарыгер менен маек

Чоң адамдар суу чечек оорусун кичинекей балдардын оорусу катары кабылдашып маани беришпейт. Бирок суу чечек илдети менен кичинекей балдар сыяктуу эле чоң адамдар дагы ооруйт. Ошондуктан алар сөзсүз түрдө дарыгердин кеңешин алып дарылануусу зарыл дешет адистер.

Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева SUPER.KG порталына маек куруп, аталган дарттын белгилери, жугуу жолдору туурасында кенен айтып берди.

- Учурда өлкөдө канча адам суу чечек менен ооруп жатат?

- Өлкө боюнча суу чечек менен ооругандардын санын так айтуу кыйын. Анткени үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылбастан үй шартында өз алдынча дарылангандар абдан көп. Ал эми бейтапканага кайрылгандар 10 пайызды гана түзөт, алар өтүшүп кеткен абалда кайрылышат.

Суу чечек оорусу менен көбүнчө 10 жашка чейинки балдар ооруйт, ал эми чоң кишилерде сейрек кездешет.

- Оорунун алгачкы белгилерин айта кетсеңиз?

- Оору башталганда бейтаптын дене табы көтөрүлөт. Денеге кызыл бүдүрчөлөр чыгып, ыйлаакчага айланат. Андан соң кычышып баштайт, ал эми 3-5 күндөн кийин жаңы ыйлаакчалар чыкпай калат. Ошентип ыйлаакчалар үч жумада кургап, түшүп баштайт. Айрым учурда бейтаптын дене табы көтөрүлбөйт.

- Жугуу жолдору жөнүндө да айтсаңыз?

- Оорулуу жөтөлгөндө, сүйлөгөндө жана дем алганда козгогучту бөлүп чыгарып, башкаларга жугузат.

- Кооптуу эмеспи?

- Кооптуу эмес деп айтуу кыйын. Дегеним, бейтап суу чечек менен ооруп жатканда жакшы көзөмөлдө болуп, өз убагында дарыланса жеңил өтөт. Эгерде коштогон оорусу болсо оор өтөт. Мисалы, тубаса ДЦП (шал оорусу), Даун синдрому, нерв оорусу менен жабыркагандарда оор түрдө өтөт.

Айрым учурда кулак оорусу, пневмония, нерв системаларына, жүлүн жана менингитке (мээнин чел кабыгынын сезгениши) өтүшүп кетиши мүмкүн.

- Дарылоо жолдору кандай?

- Дарылоо иштери симптоматикалык түрдө өтөт.

  • Ар бир бүдүргө зелёнканын 1 пайыздык эритмесин бир күндө 4-5 маал сүйкөө керек. Анткени ал ыйлаакчаны карттандырат, инфекция кирип, ырбап кетүүсүнөн сактайт.
  • Кычышууну басаңдатуу үчүн баланын жашына жана салмагына жараша диазолин берилет.
  • Бөлмө температурасындагы суусундукту бат-бат ичип туруу зарыл.
  • Сууга түшүүгө болбойт.
  • Бул ооруну жугузуп алгандар өзүнчө бөлмөдө дарыланат. Тагыраагы, бейтап үй шартында дарыланган учурда бөлмөдөн чыкпай, дарыланууга тийиш. Ал эми оорулуу менен жолуккан адам 11 күндөн 21 күнгө чейин карантинде болот.

- Инкубация мезгили канча күнгө чейин созулат?

- Инкубация мезгили 11 күндөн 21 күнгө чейин, көбүнчө 14 күнгө чейин созулат.

- Суу чечек оорусуна чалдыккан адамдын тамактануусу кандай болот?

- Бул оору менен ооругандар гипоаллергендүү диета менен тамактануусу зарыл. Анткени жумуртка, бал азыктарын жеген учурда дененин кычышуусу күчөйт.

- Бир жолу суу чечек менен ооруган адам экинчи жолу оорубайбы?

- Жок, андай болбойт. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот.

- Кош бойлуу учурунда энеге кооптуу эмеспи?

- Жок, кош бойлуу учурунда эне жана балага кооптуу эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан