Улан Ниязбеков Түркиянын улуттук жыйынынын төрагасы менен кызматташуунун багыттарын талкуулады

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен парламенттеги иш бөлмөсүндө жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы позитивдүү карым-катнаш Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн бери уланып жатканы айтылды.

Мустафа Шентоп стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын өнүгүшүндөгү маанисине токтолуп, парламенттер аралык карым-катнаштардын жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын белгиледи.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 23-апрель Түркиянын мамлекеттик майрамы болгон Улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнүнө карата куттуктап, терең урматын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия менен Кыргызстан бир тууган эл экени айтылып, келечекке ишенимдүү экономикалык, маданий жана укук коргоо багытында мындан ары дагы ишмердүүлүктү жаңы тепкичтерге көтөрүү маселелери талкууга алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан