"Мода көргөзмөсү эмес". Депутат Ак Үйдүн күзөтчүлөрү келген адамдардын кийимине тийишкени туура эместигин айтты

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда сөз сүйлөгөн депутат Дастан Бекешев төрагага кайрылып, Ак Үйдүн күзөтчүлөрүн, келген кеткендердин кийими менен эмес, коопсуздук менен алектенсе жакшы болмок деген пикирин айтты.

“Урматтуу төрага, күзөтчүлөр Ак Үйгө келгендерди туура эмес кийинип келдиң деп дайым айтышат. Ушуну токтотсок, алар мода көргөзмөсүндө иштешпейт да, андан көрө коопсуздук менен алектенишсе”, - деди Бекешев.

Буга төрага ал мамлекеттик кызматкерлерге гана чектөө бардыгын, ал эми башка адамдарга дресс-код абзел эместигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан