Нуржигит Кадырбеков: “Акыркы убакта Алымкадыр Бейшеналиевге ынанып, ыраазы болуп бара жатам...”

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев балп этип сүйлөп коё бергени менен, жакшы иштеп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

“Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин балп этип сүйлөп койгону жакчу эмес. Бирок ишин көрүп, кийинки мезгилде ынанып ыраазы болуп бара жатам. Жакында "Алтын балалыкка" барып келдим, бир тыйын бөлүнбөптүр ишти бүтүрүп жатыптыр. Жогорку Кеңеш чыгарган “Жашыл Кыргызстан” деген токтомго реакция кылган жалгыз министр Бейшеналиев. Иштеген кадрларды сактап эле коёлучу, ишин карай бербей”, - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан