Ооганстанды басып алган Талибан кыймылы жарандарга Тик-Ток тиркемесине жана PlayerUnknown’s Battlegrounds (PUBG) оюнуна тыюу салууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде аталган кыймылдын расмий өкүлү Инамулла Самангани Твиттердеги баракчасына жазган.
"Байланыш жана маалыматтык технология министрлиги PUBG жана Тик-Ток тиркемесин колдонууга тыюу салышы керек. Себеби аталган тиркеме жаштарды адаштырып жатат", - деген ал өз билдирүүсүндө.
Мындан тышкары аталган министрлик адеп-ахлаксыз мазмундагы каналдардын жана берүүлөрдүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга буйрук бергени айтылат маалыматта.
Маалыматта айтылгандай, Ооганстанда Тик-Ток тиркемесине 300 миңдей колдонуучу катталган.