Министрлик: "2020-жылдын октябрынан бери донорлор менен 466,8 миллион доллар насыя түрүндө келишимдерге кол коюлду"

2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 миллион доллар өлчөмүндө макулдашууларга кол коюлду. Анын ичинен 291,5 миллион доллар грант болсо, 466,8 миллиону насыя болгон. Мындай маалымат Финансы министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.

Тактап айтканда, көрсөтүлгөн убакытта 466,8 миллион доллар насыя түрүндө келишимдерге кол коюлган.

"Муну менен социалдык тармактарда өлкөнүн 1 миллиард долларга карызы көбөйгөндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Кыргыз Республикасы өнүгүп келе жаткан өлкө экенин эске алганда, насыялар донорлор тарабынан жеңилдетилген шарттарда берилген.

Белгилей кетсек, каражаттар негизинен өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Алар:

жергиликтүү жана эл аралык жолдорду жакшыртуу;

энергетика тармагын реформалоо;

социалдык мекемелерди куруу, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү;

таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ошондой эле республиканын ирригациялык системасын жакшыртуу", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан