Быйыл өлкөбүздө Жалпы республикалык тестирлөө үч этап менен 24-майдан 25-июнга чейин өтөрү маалым. Негизги тесттен өлкө боюнча эң жогорку балл алган 50 окуучу "Алтын сертификатка" ээ болушуп, Кыргызстандагы окуу жайлардын биринде акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Дал ушул "Алтын сертификатка" бир эмес, эки жолу татыган Сабырбек Маликов бүтүрүүчүлөрдү ары толкундаткан, ары санаага салган ЖРТ боюнча кеп-кеңештерин айтып, айрым эске алынуучу жагдайлар менен бөлүштү.
- Саламатсызбы? Алгач эле өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.
- Мен Сабырбек Маликов, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылында туулгам. 2019-жылы Кадамжай "Семетей" лицейин бүтүргөм. Ошондой эле 2019-жылы 226 упай, ал эми 2020-жылы 224 упай менен "Алтын сертификатка" ээ болгом. Учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде билим алып жаткан чагым.
- Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип, кандай ыкмалар менен даярдандыңыз эле?
- Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануума сабак берген мугалимдерим жардамчы болду. 10-классты бүтүргөндөн кийин "Секом" окуу борборунда эки айдай билим алган жайым бар. Андан соң мугалимдерим менен биргеликте даярдандым. Өзүмдүн даярдануу ыкмаларымдын бири бул - көчүрүп жазуу болду. Кыргыз тилинен болобу, математикадан болобу, айтор, бардык эрежелерди жана формулаларды көчүрүп жазчумун. Мисалы кыргыз тилиндеги зат атоочтун аныктамасы, сөздөрдүн туура жазылышы сыяктуу. Ал эми математикадан бардык формулаларды көчүрүп жазып, маселелерди дептерге чыгарчумун.
- ЖРТ тапшыруу үчүн сөзсүз окуу борборлорунун курстарынан өтүү керекпи?
- Жалпы республикалык тест окуу программасында болбогондуктан сөзсүз окуу борборлорунун курстарынан өтүү керек. Албетте, курсту окубай туруп деле тапшырса болот, бирок өзүң каалаган жыйынтыкка жетпейсиң. Колдон келсе, кандай гана курстар болбосун баарына барууну сунуштайм. Бирок ЖРТга даярданууда окуу борборлорунун курстары эмес, ЖРТ тармагындагы мугалимдер маанилүү роль ойнойт десем жаңылышпайм. Мугалимдер күчтүү болсо башка көйгөйлөр да чечилет.
- ЖРТ суроолорунун түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрү туурасында кеп салсаңыз.
- ЖРТ суроолору биз күткөн суроолордон башкача, тагыраагы улуттук тестирлөөнүн (НЦТ) суроолорундай эмес. Суроолор өтө жөнөкөй, орто билимдүүлөрдүн баары эле тапшырып, босого баллдан өтө алышат десем болот. Мисалы, кыргыз тилиндеги аналогия бөлүмүндө сөздөрдүн окшоштуктарын тапсак, практикалык грамматикасында мектептен өткөн эле темалардагы суроолорго жооп беребиз. Жалпысынан караганда суроолор жеңил.
- Суроолорго жооп берүүдө эмнелерге көңүл буруу керек?
- Биринчиден суроолорго даяр болуу маанилүү. Экинчиден болушунча концентрацияны жоготпой, жакшылап окуп, көңүл буруп жооп берүү зарыл. Курста үйрөнгөн нерселерге, андагы маалыматтарга көңүл бурушубуз керек. Жооп берүүдө алгач тактык талап кылынат. Бир аз көңүл бурбай койсоң эле ката кетирүү мүмкүнчүлүгүң өтө жогору.
Убакытты туура колдонуу, тагыраагы бир мисалды иштей албай калсак, аны чыгаруу үчүн убакыт кетирип отурбай, башкаларын иштеп бүтүп, убакыт артып калса, ошондо кайра суроого кайтып келүү;
Текстти алдын ала үнүн чыгарып окубаганга даярдануу. Башкаларга тоскоолдук жаратпоо үчүн, ошол эле учурда жакшы түшүнүү үчүн ичибизден окуу эң жакшы чечим;
Ар бир суроонун жообун чыгарганда тезинен жооп баракчасына белгилөө. Кээ бирлери жоопторду кагазга жазып алып анан белгилейм деп ойлошот, бул ЖРТдагы эң чоң катачылыктардын бири;
Окуу жана түшүнүү бөлүмүндө биринчи текстти окуп чыгып, андан соң суроолорго жооп берүү;
Суроолорду иштеп бүткөн соң, убакыт артып калса, кайра текшерип чыгуу маанилүү.
- Тест тапшырууга чейин абитуриенттер өздөрүн психологиялык жактан кантип даярдоосу зарыл? Коркуу, толкундоодон кантип арылса болот?
- Ийгиликке жетүү үчүн аракет кылыш керек, ошол эле учурда дуба кылыш керек деген нерсе бар. Окуучулар эки учурда ЖРТга кириши мүмкүн, эртең менен жана түштөн кийин. Мындай учурда алар тестке кирер алдында өтө тойбой, аз өлчөмдө тамактанып кирүүсү зарыл. Себеби мээ сынактагы мисалдарды чыгаруу менен эмес, сиз жеген тамак-аш менен алек болот.
Коркуунун эч кереги жок. Анткени сен сыяктуу эле окуучулар тапшырып жатат. Коркуу, толкундоону жеңүү үчүн көп-көп сынамык (пробный) тесттерди тапшыра берүү керек. Ошондо гана ЖРТ учурундагы толкундоо сезиминен арыла алабыз, моралдык жактан даяр болобуз. Ал учурда "баары мени карап турат, байкап турат" деген сыяктуу ойлордон арылып, болгон дитибизди тестке арнаганыбыз оң.
Танаписти (переменаны) туура колдонуу зарыл. Ажаткана иштерин бүтүрүп келүү, шоколад жеп, суу ичүү. Мээ математикакалык эсептерди чыгарганда кургап, сууга муктаж болуп калат деп уккан жайым бар, ошондуктан эң аз 250 миллиграмм суу ичүү маанилүү.
Ооба, ЖРТ университетти чечиши мүмкүн, кесибиңди чечиши мүмкүн. Бирок келечегиңе толугу менен түз таасирин тийгизбейт. Жөн гана себепчилердин бири десек болот. Андыктан бул нерсени өтө кыйын, олуттуу көрүп, тагдыр чечүүчү катары кароонун кереги жок.
- Мындан тышкары абитуриенттердин кесип тандоосуна кандай кеп-кеңештерди бере аласыз?
Айрым абитуриенттер кесип тандоодо көбүнчө ата-энесинин каалоосуна көнүл бурушуп, өздөрүнүн каалосун четке кагып коюшат. Бул, албетте, туура эмес көрүнүш. Ата-энеге караганда өзү өз каалоосун жакшы билет эмеспи. Кийин дагы жумушуна каалоосу менен барат да...
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Окууңузга ийгиликтерди каалайбыз!