"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "Ышы күбүлүү", "Ортосу суу" жана "Бет бактырбоо" фразеологизмдеринин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.
Ышы күбүлүү - Болгон мүмкүнчүлүгүнөн, колундагысынан ажырап мүнкүрөп калуу. Мисалы, Малына чиренген байлар бир жолку жутта эле ышы күбүлүп, ит көрбөгөн күндү көрүп калышты.
Ортосу суу - Мамилелери солгундоо, начарлоо. Мисалы, Алымкул аталыктын киши колдуу болушуна булардын ортолору ого бетер сууп кетти.
Бет бактырбоо - Айтканга көнбөө, моюн сунбоо, чендетпөө, жолотпоо. Мисалы, Алкынган албуут катын тажаалданып, Алмакемди бет бактырбайт.