2013-жылдын 20-30-ноябрына чейин Жалал-Абад облусунун аймагына “Арсенал” операциясы киргизилген. Анын негизинде бир апта ичинде милиция кызматкерлери тарабынан 21 даана ок атуучу курал алынган. Алардын 16 даанасы мыйзамсыз сакталган куралдар. Калган 5 куралды жарандар өз ыктыярлары менен тапшырышкан. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле “Арсенал” операциясын жүргүзүү учурунда издөөдө жүргөн бир кылмышкер кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.
Аталган операция белгиленген убакытка чейин уланмакчы.