Соңку суткада өлкөдө коронавирус илдети катталган жок. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
24-апрелге карата аталган илдеттен 10 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 3 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 11 бейтап бар.
Жалпы республика боюнча 200 983 адам коронавирус жуктуруп алса, 196 386 бейтап сакайды. Тилекке каршы, 2991 жаран каза болду.