Өлкөдө Донбасс тууралуу тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салынды

Өлкөдө Орусия тарткан Донбас тууралуу тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Министрдин жазганына ылайык, орусиялык “Гармония” маданий борбору Кыргыз өлкөсүнүн аймагында “Время правды” аттуу кинофестивалын өткөрүүнү пландаган.
"Аталган маданий борбор 2022-жылдын 18-апрелинде 2019-жылы тартылган “Донбасс. Украина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын республиканын аймагында көрсөтүүгө уруксат алуу максатында “Кыргызтасмасы” мекемесине кайрылган.
Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга жана эл аралык мамилелерде Кыргыз мамлекетинин бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу “Кыргызтасмасы” мекемеси аталган фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртат. Тактап айтканда, ал фильмдерди өлкө аймагында көрсөтүүгө тыюу салат", - деп жазды министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан