Ош шаарында “Жаш аракетчил” аталышындагы бош жумуш орундарынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта жарманке 29-апрель күнү саат 09:00дө Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында башталары жазылат.
Анда иш берүүчүлөр учурдагы бүтүрүүчүлөр, жумушсуз жаштар үчүн бош жумуш орундарын, стажировка, ыктыярчылык жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулашат.
Мындан сырткары окуу жайлардын жарманкеси өткөрүлүп, каалоочулар үчүн кесиптик багыт боюнча адистердин кеңеши берилет.
"Катышуучулар ишканалардын өкүлдөрү менен түз байланышып, өздөрүнүн кызыктырган суроолорун бере алышат жана алар өндүргөн продукциялар менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Байланыш телефондору: 0558080557, 0778995997, 0773045243",- деп жазылат маалыматта.
Жарманке Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана “Аракетчил” жөндөмдүүлүк долбоору менен биргеликте уюштурулууда.