Бүгүн, 24-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун алтынчы күндүк беттештери өтүүдө.
Мекендешибиз Саякбай Усупов коло медаль үчүн болгон беттеште өзбекстандык Бобур Исломовго жеңилип калды. 86 килограмм салмактагы балбандардын беттеши 6:5 эсебинде өзбек спортчусунун жеңиши менен аяктады.
Белгилей кетсек, Саякбай Усупов чейрек финалдагы алгачкы беттешинде пакистандык Мухаммад Инамды утса, жарым финалда казакстандык Азамат Даулетбековго жеңилип калган.