Элчи Украинага кайтууну каалаган жарандар бар экенин айтты

Акыркы күндөрү Украинага кайтуу ниетин билдирген жарандардын саны көбөйдү. Бул туурасында Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
Элчинин айтымында, акыркы аптада Украинадан дагы 7 Кыргыз жаранына учакка билеттер алынып, Кыргызстанга эвакуацияланышты.
"Учурда элчилик Батыш Украинада өз кызматын толук кандуу аткарып, ишмердүүлүгүбүз үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Акыркы күндөрү Орозо айы бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниетин билдирген көптөгөн жарандар кайрыла башташты. Бул жерде аскердик салгылашуу дагы деле кызуу жүрүп, шаарларда сирена тынбай, коменданттык сааттар уланууда.
Урматтуу мекендештер, азырынча Украинага келбей туруңуздарды сунуштайм жана өтүнөм. Дал ушундай сунушту азыр жергиликтүү аскер бийлик органдары дагы билдирип жатышат. Украинага келүү эрте, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыздар", - дейт элчи.
Белгилей кетсек, 24-февралдан бери атайын операцияны баштаган Орусиянын Украинада салгылашуусу уланууда. Кагылышуудан аскерлердин жана тургундардын арасында каза болгондордун саны өсүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан