Орус армиясына чакырган жарнама чапталган №148 маршруттук таксинин айдоочусу аныкталды

Бишкекте №148 маршруттук таксидеги жарнама көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Анда кичи автобуста орус армиясына келишимдик негизде кызмат өтөө ("Кесипкөйлөр армиясы") деген жарнама жазылган. Интернет колдонуучулардын бири муну видеого тартып алып, социалдык тармакка жарыялаган.

Милициянын кайгуул кызматынан маршруттук такси табылып, унаага чапталган жарнама алынганын кабарлашты.

"Жогорудагы видео социалдык тармактарга чыгаар замат милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, чапталган сүрөттөрдү алып салышты.

Айдоочунун айтуусу боюнча, маршруттук унааны Орусиядан алып келген учурда бул чапталган сүрөттөр бар болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан