Кыргыз-түрк коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгеси талкууланды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган делегация Түркияга болгон иш сапарын жыйынтыктады. Анын алкагында министр Анкарада Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу менен өз ара кызматташтыктын алкагында жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий кызматташуусу, коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары да ишке ашыруу жана укук коргоо органдарынын өз ара тыгыз кызматташуусун жаңы тепкичтерге көтөрүү маселелери талкууланды.

"Ошондой эле түрк полициясынын Жандармериясынын башкы командачылыгынын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышты. Полициянын атайын техникасынын негизги түрүнөн тышкары, ички күйүүчү кыймылдаткычы жана түртүүчү типтеги аба бурамасы бар түркиялык ыкчам-тактикалык орто салмактагы “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттар, ошондой эле Аба күчтөрү коомдук тартипти камсыздоодо колдонулган тик учактар көрсөтүлдү.

ИИМдин башчысы Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башкы аянтына орнотулган Айкөл Манастын эстелигине барып, муниципалитеттин мэри Тургут Алтынок менен жолугушту.

Иш сапардын алкагында ИИМдин делегациясынын мүчөлөрү Түркиянын ИИМдин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Алардын ичинде Жандармериянын Башкы командачылыгы, Коопсуздук башкармалыгынын Калкты каттоо жана жарандык иштер боюнча Башкы дирекциялары, Мобилдик борбор системасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, эки өлкөнү өз ара кызматташуу боюнча жаңы багыттары белгиленди. Жолугушуу кыргыз тарап үчүн абдан иштиктүү жана өзгөчө маанилүү болгондугун белгилейбиз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан