Бишкек шаарындагы "Илбирс" имаратынын сырты жаңыланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай демилгени Биринчи Май райондук акимиаты көтөрүп чыккан. Имараттын жетекчилиги бул демилгени колдоп, оңдоп-түзөө иштерин өз каражатынан жүргүзөрүн билдирген.
Түзүлгөн келишимге ылайык, аталган объекттеги оңдоо иштерин "АльпМонтаж" ишканасы жүргүзүүдө.